Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2017-жылга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде бюджеттик каражаттардын чыгымдар сметасынын, атайын эсептин кирешелер жана чыгымдар сметаларынын аткарылышына пландуу аудит жүргүзүлгөн.

Аудиттин жүрүшүндө жалпы 21,4 млн. сом суммасында каржы бузуулары аныкталган.

Анын ичинен, акча каражаттарынын жана товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгуулары – 0,5 млн сом, эмгек акыны негизсиз төлөө - 8,8 млн сом, товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 1,5 млн сом, курулуш-куроо иштеринин көлөмүн ашыруу  – 0,6 млн сом, мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 0,6 млн сом, дебитордук жана ашырылган насыялык карызды эсепке алуу боюнча жашыруулар – 8,1 млн сом. Ошондой эле, бюджеттин кирешесине кошумча чегерилгендер -  0,3 млн сом, Соцфондго  – 1,0 млн сом.

Эмгек акыларды төлөөдө төмөндөгүлөрдү көптөгөн бузуулар аныкталган: борбордук аппаратта, Улуттук тестирлөө борбору, Министрликтин алдындагы Республикалык Кулагы начар уккан жана кийинчерээк кулагы укпай калган балдар үчүн №21 атайын мектеп интернаты, Беспубликалык «Алтын Түйүн» балдардын инженердик-техникалык академиясы, тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж болгон балдар жана өспүрүмдөр үчүн атайын жалпы билим берүү мектеп интернаты, Беловодск мектепке чейинки балдар үйү, А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназия, Балыкчы шаарындагы Манас атындагы №10 орто мектеп, Кара-Суу кулагы укпаган балдар үчүн атайын жалпы билим берүү мектеп интернаты, Ноокат районунун М. Гапаров атындагы таланттуу балдар үчүн гимназия интернаты, Жалал-Абад областтык билим берүү методикалык борбору, ата-энесинин кароосуз калган балдар жана жетим балдар үчүн, Сузак районунун Ж. Бөкөнбаев атындагы  балдар үйү, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы Н. Исанов атындагы гимназия интернат мектеби,  Үч-Коргон атайын билим берүү (көмөкчү) мектеп интернаты, Баткен областтык билим берүү борбору, Сүлүктү атайын жалпы билим берүү (көмөкчү) мектеп интернаты, Ош айыл чарба техникуму, Ош билим берүү институту, Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя  тоо техникалык  колледжи.

Мындан сырткары, эмгек акыны төлөөдөгү бузуулар, Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүндө, Баткен, Көк-Жаңгак, Майлуу-Суу шаарларынын билим берүү бөлүмдөрүндө жана 22 райондук билим берүү бөлүмдөрүндө аныкталган. Эмгек акыны төлөөдө жол берилген негизги бузуулардын ичине, белгиленген ченемден ашык педагогикалык ашыкча иштелгендиги үчүн негизсиз төлөөлөр, сабак берүү ишинин белгиленген 12 саатынан ашык сабак берүү иши үчүн мектептин жетекчилерине төлөөлөр, айыл жергесинде иштегендиги, педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акылар, ошондой эле жумуш ордуна аттестация өткөрбөстөн туруп, эмгектин зыяндуу шарттары үчүн төлөмдөр кирет.

Резервдер жана бюджеттин жоготуулары 560,2 млн сомду түзгөн. Анын ичинен: товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдалышы – 1,3 млн сом, бюджеттик уюмдарды ашыкча каржылоо – 49,6 млн сом, эмгек акыны төлөөдөгү бузуулар – 34,4 млн сом, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан колдонуудагы мыйзамдарга каршы чечимдердин кабыл алынышына байланыштуу, бюджеттин чыгымдар бөлүгү боюнча жоготуулар – 413,1 млн сомов, башка резервдер жана жоготуулар – 61,8 млн сом.

Каражаттарды рационалдуу эмес пайдалануу 14,1 млн сомоду түзгөн, анын ичинен: пландалган максатына жетпестен, белгилүү бир иш-чараларга чыгымдалган каражаттар – 1,3 млн сом, товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык корлору жана алыш-бериш эсептериндеги калдыктар - 12,5 млн сом, мекемелердин кассаларындагы накталай бюджеттик каражаттардын пайдаланылбаган калдыктары – 0,2 млн сом.

Негизинен, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинде,  Билим берүү жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына ведомстволук караштыгы бар билим берүү уюмдарын чарбалык жактан тейлөөнү жана каржылоону жүзөгө ашыруу кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.05.2013-жылдагы № 302 “Айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттеринен каржыланган билим берүү уюмдарын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө” токтому менен, Министрлик аркылуу республикалык бюджеттен мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдары каржыланаары аныкталган, коммуналдык кызматтарга жана имараттарды жана жайларды күтүү боюнча чыгымдардан сырткары. Бирок, 2017-жылы республикалык бюджеттен коммуналдык кызматтарга жана имараттарды жана жайларды күтүү боюнча 397,9 млн сом суммасындагы чыгымдар жүргүзүлгөн. ошондой эле, жогоруда көрсөтүлгөн токтомго каршы, Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын кезектеги оңдоо иштерине 11,9 млн сом бөлүнгөн.

Окуу материалдарын иштеп чыгуучу консультанттарга чыгымдардын калькуляциясына, окуу материалдарынын авторлоруна калем акыны төлөө киргизилген. Бирок буга карабастан, окуу материалдарын тираждоо боюнча конкурстук документтердин шарттары боюнча бул, автордук  калем акылар конкурстун жеңүүчүлөрү, жабдуучулар калькуляциясында да каралган, ал жерде келишим наркына кирген жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минитсрлигинин бухгалтериясы тарабынан төлөнгөн. Ошону менен бирге, окуу материалдарын тираждоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аткарган жабдуучулар тарабынан авторлорго калем акы төлөнгөн эмес,  натыйжада, алар бюджеттик каражаттардын эсебинен 1,9 млн сом суммасындагы негизсиз кирешеге ээ болушкан.

“2017-жылга республикалык бюджет жана 2018-2019-жылдарга болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын корголгон беренелерди каржылоо бөлүгүнүн талаптары сакталбагандыгы белгиленген, ал жерде корголгон беренелер боюнча чыгымдар азайтуу жа жеткире каржылабоо 323,1 млн сом суммасында жүргүзүлгөн.

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, мамлекеттик сатып алуулардын планын түзүү, сатып алуу планына өзгөртүүлөрдү киргизүү, аларды мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштыруу жана конкурстарды жүргүзүү аркылуу, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу бөлүгүн талаптары сакталган эмес.    

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Министрликтин жетекчилигине аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузуулар менен кемчиликтерди четтетүү, ошондой эле аарга жол берген адамдардын жоопкерчилигин кароо боюнча жазма буйрук берилген. аудиттин материалдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана аудит объектисне жөнөтүлгөн. Негизги каражаттардын жана товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгууу фактылары боюнча материалдар, юридикалык баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берилген.