Арзыбаев Мукаш Кадырович Туулган жыл: 26.04.1964-ж. Туулган жери: Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району Улуту: кыргыз Жарандыгы: Кыргыз Республикасы Билими: жогорку, 1986-ж. Воронеж мамлекеттик токой чарба институтун , 1995-ж. Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган Адистиги: инженер, экономист Тил билүүсү: кыргыз жана орус тилдерди
Байгазаков Алимжан Топчубаевич Туулган жыл: 10.09.1962-ж. Туулган жери: Ош облусу, Алай району, Гулчө айылы Улуту: кыргыз Жарандыгы: Кыргыз Республикасы Билими: жогорку, 1981-ж. Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумун, 1989-ж. Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган Адистиги: экономист Тил билүүсү: кыргыз жана орус тилдерди
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы2004-жылдын 13-августу N 117
21-статья. Эсептөө палатасынын аудиторунун ыйгарым укуктары
Эсептөө палатасынын аудитору өзүнүн иш милдеттерин аткарууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган мамлекеттик органдарга, аскердик бөлүктөргө жана бөлүмдөргө жана башка уюмдарга тоскоолсуз кирүүгө;
2) чарбалык жана финансылык ишти чагылдырган баштапкы документтерге, эсептөө регистрлерине, баланстарга жана эсептерге, статистикалык
материалдарга, сметаларга, келишимдерге, буйруктарга, тескемелерге жана башка укуктук актыларына, ошол иш боюнча кат-кабарларга жана иш жүргүзүү документтерине, анын ичинде жашыруун документтерге, ошондой эле финансы контролун жүзөгө ашыруучу органдардын текшерген материалдарына чексиз ээ болууга;
3) текшерилип жаткан ишкананын, мекеменин жана уюмдун жетекчилеринен жана башка адамдарынан, ошондой эле текшерүү жүргүзгөн адамдардан зарыл болгон учурда, текшерүү менен байланышкан маселелер боюнча оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүнүктөрдү жана маалымкаттарды алууга;
4) укук бузуу бар экендигине олуттуу шек саноо айкындалган учурда Эсептөө палатасынын Төрагасынын тескемесинин негизинде кийин Эсептөө палатасынын Кеңешине кабарлоо менен документтердин түпнускасы, файлдар, анын ичинде компьютерлерди убактылуу алып коюу сунуш кылынат. Мында аудит объектине алып коюлган маалыматтардын жана жабдуулардын тизмеги, ошондой эле алып коюлган документтердин көчүрмөсү ушул Мыйзамга ылайык берилиши мүмкүн;
5) Эсептөө палатасынын Кеңешинде чечилүүчү маселелери боюнча өзгөчө пикирин билдирүүгө;
6) иштин башкаруу багыттары боюнча аудиттин материалдарын кабыл алуу үчүн жооптуу болуп дайындалууга;
7) башкаруу багыттарына иштин жыйынтыгы боюнча отчетко кол коюуга өзгөчө укугу бар;
8) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, анын комитеттеринин жана комиссияларынын жыйналыштарына жана сессияларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышат.
(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы N 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-статья. Эсептөө палатасынын аудиторунун милдеттери жана жоопкерчилиги
Аудитор өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын ченемдерин, КР мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоого милдеттүү.
Эсептөө палатасынын аудитору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр үчүн жекече жоопкерчилик тартат:
1) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан аныкталуучу Эсептөө палатасынын ишинин белгиленген багыттары үчүн;
2) аудиттин натыйжалары жана аудиттин натыйжалуулугунун аныктыгы үчүн;
3) мамлекеттик жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен корголуучу сырды ачыкка чыгаруу үчүн;
4) кызматтык милдеттерин аткарбай коюу үчүн;
5) бийликти кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык ыйгарым укуктарын ашырып жиберүү үчүн;
6) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузуу үчүн;
7) этикалык кодексин аткарбай коюу үчүн.
Эсептөө палатасынын аудиторунун иш-аракетинде же аракетсиздигинде кылмыш белгилери аныкталган учурда, бул жөнүндө материалдар Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.
Эсептөө палатасынын аудиторунун укукка сыйбаган аракетинен улам келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана негиздерде толтурулат.
(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы N 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-статья. Эсептөө палатасынын аудиторунун ыйгарым укуктарын токтото туруу жана токтотуу
1. Эсептөө палатасынын аудиторунун ыйгарым укуктары төмөнкү негиздердин бири болгондо токтотула турат:
1) мыйзамда белгиленген тартипте дайынсыз жок болду деп таанылганда;
2) жазык жоопкерчилигине тартылганда;
3) ден соолугунун абалы боюнча узак мезгил бою өз милдеттерин аткара албаганда;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттыгына, жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчысынын кызмат ордуна талапкер катары катталганда.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун санкциясы менен жана Кыргыз Республикасынын Президенти менен Жогорку Кеңешин кабарлоо аркылуу аудиторду кылмыш жоопкерчилигине тартууга болот.
3. Эсептөө палатасынын аудиторунун ыйгарым укуктары токтотула турганда, ал камакка алынгандан башка учурларда, Эсептөө палатасынын аудиторуна акы төлөө, ал эми ал дайынсыз жок болду деп таанылганда, анын үй-бүлөсүнө анын эмгек акысын төлөп берүү токтотулбайт же анын өлчөмү, ошондой эле Эсептөө палатасынын аудиторун материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуунун башка түрлөрүнүн деңгээли азайтылбайт.
4. Эсептөө палатасынын аудиторлорунун ыйгарым укуктарын токтотуу же жаңылатуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Эсептөө палатасынын аудитору ыйгарым укуктуу мөөнөтү бүткөнгө чейин кызматынан төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн:
1) Эсептөө палатасынын аудиторунун мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине иштен бошонуусунун себебинин негиздемесин жана аткарган иши тууралу отчетун тиркөө менен;
2) анын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендиги же аракетке жөндөмсүз деп таанылгандагы жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
3) Эсептөө палатасынын аудиторунун милдеттерин аткарууга ден соолугунун абалы же башка жүйөлүү себептер боюнча жөндөмсүз болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамына ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтоткондо;
5) Эсептөө палатасынын аудиторуна карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
6) Эсептөө палатасынын аудиторуна карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7) Эсептөө палатасынын аудитору өлгөндө же аны өлдү деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
8) Эсептөө палатасынын аудиторунун ыйгарым укуктарын аткаруу менен айкалышпаган башка ишке өткөндө;
9) ушул Мыйзамдыи 22-статьясынын талаптары бузулганда
6. Эсептөө палатасынын аудитору ээлеген кызматынан Кыргыз Республикасынын Президентинин, парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бошотулат.
7. Эсептөө палатасынын аудиторуна карата соттун айыптоо өкүмү алып салынган учурда, ага таандык эмгек акысын төлөп берүү менен мурдагы кызмат ордуна калыбына келтирилүүгө тийиш, ал эми ал шайланган мөөнөт өтүп кеткен болсо, Эсептөө палатасынын аудиторуна ага тиешелүү эмгек акысы төлөнүп берилет.