- Подробности
- Просмотров: 6407
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы (мындан ары – Эсептөө палатасы) 1996-жылдын октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 6-мартындагы токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Контролдоо палатасы жөнүндө” мыйзамына ылайык алгачкы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Контролдоо палатасынын мураскери катары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 1996-жылдын 19-октябрында кабыл алынган №55 “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы” жөнүндө мыйзамдын негизинде түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2000-жылдын 29-июнундагы №164 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансы-экономикалык контролдоо системасын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” кабыл алынган Жарлыкка ылайык, мындан ары мамлекеттик финансы-экономикалык контролдоо системасын жакшыртуу жана аны жалпы кабыл алынган дүйнөлүк практикага келтирүү, финансы дисциплинасын бекемдөө жана экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү, ошондой эле контролдоо иш чараларын кайталоодон качуу максатында, мамлекеттик финансы-экономикалык контролдоонун иш милдеттерин Эсептөө палатасына жүктөө жана МФЭКтин штаттык санын ага берүү менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык контролдоонун мамлекеттик инспекциясы жоюлган. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына – бирдиктүү көз карандысыз жогорку органга, мамлекеттик финансы контролдоонун иш милдеттерин жана ыйгарым укуктарын концентрациялоо процесси аяктаган.
Андан ары Эсептөө палатасын куруу процесси өлкөнүн мамлекеттик финансы-экономикалык саясатындагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен, оптималдуу түзүмдү издөө багытында улантылган. Эсептөө палатасы өз ишмердүүлүгүнүн алгачкы күндөрүнөн баштап, мамлекеттик бюджетти аткаруу боюнча контролдоо ишмердүүлүгүн камсыздоого багытталган, мыйзам менен белгиленген башкы иш милдеттерди ишке ашырууга негизги басым жасаган. Мына ушул учурдан баштап, Эсептөө палатасынын статусу Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөрү жана Мыйзам чыгаруу жыйындары тарабынан түзүлгөн, алардын алдында белгиленген отчеттуулукка ээ, туруктуу иштеп жаткан мамлекеттик финансы-экономикалык контролдоонун көз карандысыз жогорку органы катары бекемделди. Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 19-октябрындагы №55 “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” мыйзамына ылайык, Эсептөө палатасы Төрагадан жана он эки аудитордон турат, ошондой эле Эсептөө палатасы башкаруу аппаратына ээ. Эсептөө палатасын түзүүдө Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөрү жана Мыйзам чыгаруу жыйындары, алардын ар бири төрттөн аудиторду шайлашкан. Эсептөө палатасынын Төрагасы кызматына Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Парламенттин макулдугу менен, беш жылдык мөөнөткө дайындалган.
Эсептөө палатасы иштөө процессинде, контролдоо иш чараларынын саны жана сапаты, ошондой эле текшерүүлөрдү камтыган объектилердин бөлүгү катары ишмердүүлүк масштабын кеңейткен. Муну менен катар, мамлекеттик бюджет, мамлекеттик бюджеттен сырткары фонддордун пайдаланылышына, мамлекеттик менчикти пайдалануу жана башкарууга карата контролду уюштуруу жана өткөрүү боюнча практикалык жактан тажрыйба топтолууда. Ушул мезгил ичи чет өлкөлөрдүн финансылык жогорку органдары, ошондой эле эл аралык тиешелүү уюмдар менен, Эсептөө палатасынын байланышын мындан ары өнүктүрүү жолго салынды, бул болсо Эсептөө палатасына эл аралык бирикмелер алкагында бир жана көп тараптуу кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктү бир кыйла кеңейтет.
Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы №117 “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолорго ылайык, Эсептөө палатасы жетектөөчү курамына Эсептөө палатасынын төрагасы жана он төрт аудитор кирген мамлекеттик аудиттин көз карандысыз жогорку органы болуп калды. Эсептөө палатасынын Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Эсептөө палатасынын аудиторлорунун курамынын жарымын Кыргыз Республикасынын Президенти дайындаса, аудиторлордун жарым курамын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 5 жылдык мөөнөткө дайындайт.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 15-октябрындагы №213 “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу, аудиторлордун саны үчкө чейин кыскарган. Эсептөө палатасынын 70 пайыздан көп эмес өкүлдөрүн эске алуу менен, бүтүндөй аудитордук курамы жана ошондой эле Эсептөө палатасынын Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин көрсөтмөсү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалган жана бошотулган. Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына жана 2023-жылдын 18-февралындагы N 2 “Эсептөө палатасы жөнүндө” Мыйзамдарынын редакцияларына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Эсептөө палатасы тогуз аудитордон турат. Ал эми 2023-жылдын 31-майында № 114 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынды.