Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

1.  Ушул Эреже өзүнүн компетенциясынын чегинде  чечүү үчүн, жана адамдын жана жарандын укугун, эркиндигин коргоону натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында, жарандардын кабыл алуу тартибин регламенттейт.  

2. Жарандарды кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлору, борбордук аппараттын аппарат жетекчиси жана аймактык бөлүнүштөрдүн  жетекчилери тарабынан, “Жарандардын кайрылууларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Эсептөө палатасынын ички ведомстволук актыларына ылайык, бекитилген график менен жумасына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт  (мындан ары – Эсептөө палатасы).   

3. Жарандарды кабыл алуу графиги Эсептөө палатасынын расмий веб-сайтына жарыяланат жана кабыл алуу күнүн жана убактысын, кабыл алууну  жүргүзүүчү адамды көрсөтүү менен,  Эсептөө палатасынын жана аймактык бөлүнүштөрдүн кире беришине илинет.  

4. Эсептөө палатасынын төрагасынын дарегине кайрылган   жарандарды кабыл алууну уюштуруу, Эсептөө палатасынын төрагасынын жардамчысы  же референти менен өз ара аракеттенишүүсү менен камсыздалат.

5. Аудиторлордун жана Эсептөө палатасынын  аппаратынын жетекчисинин дарегине кайрылган жарандарды кабыл алууну уюштурууну, тиешелүү референттер менен өз ара аракеттенишүүсүн коомдук кабылдама камсыз кылат.   

6. Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүштөрүнүн дарегине кайрылган жарандарды кабыл алууну уюштуруу, Эсептөө палатасынын тиешелүү аймактык бөлүнүшүнүн жооптуу кызматкери камсыз кылат.   

7. Эсептөө палатасынын борбордук аппаратында жана аймактык бөлүнүштөрүндө жарандарды жеке кабыл алууну эсепке алуу, Эсептөө палатасынын коомдук кабылдамасы жана 1-тиркемеге ылайык форма  менен жарандарды жеке кабыл алуу карточкасы боюнча Эсептөө палатасынын тиешелүү аймактык бөлүнүштөрүнүн  жооптуу кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.   

8. Телефон жана факсималдык байланыш боюнча жарандарды кабыл алуу боюнча жазуу жүргүзүлбөйт. 

9. Жарандарды кабыл алуу боюнча жазуу, жарандарды жеке кабыл алуу карточкасын толтургандан кийин, жарандарды кабыл алуу графиги менен белгиленген кабыл алуу күнүнө чейин  беш  күн ичинде Эсептөө палатасынын коомдук кабылдамасы жана Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүштөрүнүн жооптуу кызматкерлери  аркылуу  жүргүзүлөт.

10. Эгерде оозеки кайрылууда айтылган маселе, жеке кабыл алуу учурунда чечилбесе, кайрылуу жаран тарабынан жазуу жүзүндө же электрондук түрдө жазылат жана “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте катталууга жана каралууга тийиш.  

11. Жаранды жеке кабыл алууда, анын инсандыгын тастыктаган документ көрсөтүлүшү керек. 

12. Республиканын алыскы региондорунан келген жарандар, кезексиз кабыл алынууга укуктуу. 

13. Эсептөө палатасына коррупциялык көрүнүштөр боюнча кайрылган жарандарды кабыл алууну, Эсептөө палатасынын төрагасы жана аппарат жетекчиси тастыктоочу маалыматтык далилдин (фото, видео/аудио жазуу, документтер ж.б.у.с.) болушу менен, күн сайын жумушчу күнү  жүзөгө ашырат.

14. Жарандардын жаңы далилдер жана кайрадан ачылган жагдайлар көрсөтүлбөгөн кайрадан кайрылуусу, каралбайт жана кабыл алууга жазылбайт.

15. Кайрадан ачылган жагдайларды көрсөтүү менен, жаңы далилдер менен жазуу жүзүндөгү кайрылуулар, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралат.