Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

21- февралда Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү

2019-жылдын 21-февралында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Кеңештин отурумуна - төрага Улукбек Марипов, аудиторлор - Алимжан Байгазаков, Заирбек Жоошбеков, Ишенбек Медетов, Акылбек Түмөнбаев, Зарылбек Сатаев, Алмасбек Султанкулов жана Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын кызматкерлери,  аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты. 

Отурумда          КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүнө, мекемелерине жана аймактык бөлүнүштөрүнө 2017-жылга, “Кыргызсуудолбоору” ААКсына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары каралды. Акыркы маселени кароо КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү  башкаруу боюнча фондусунун катышуусунда өттү.

Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарын талкуулоодо каржы бузуулардын көптүгүн, берилген жазма буйруктардын аткарылбагандыгын баса белгилешти. Жыйнтыктарды кароодо, аудиторлор аудиттин материалдарын укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн берүү маселесин көтөрүштү.

 Ошондой эле отурумда Эсептөө палатасынын КР Билим берүү жана илим министрлигине 2016-жылга жүргүзүлгөн мурдагы аудиттин алкагында берилген жазма буйруктун аткарылышы боюнча маселе каралды.

Аудит жөнүндө отчетторду бекитүү жыйынтыгы боюнча, аудит жөнүндө маалыматтар тийешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт жана КР Эсептөө палатасынын www.esep.kg официалдуу сайтына жүктөлөт.