Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эмгек жана Социалдык өнүгүү министрлигине 2017-жылга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2017-жылга  Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде жана анын ведомстволук жана түзүмдүк мекемелеринде республикалык бюджеттин, ошондой эле бюджеттик каражаттардын чыгымдар сметаларынын жана атайын эсептин кирешелер жана чыгымдар сметаларынын аткарылышына аудит жүргүздү.

Аудиттин жүрүшүндө бюджеттик жана насыялык каражаттар максатсыз пайдаланылгандыгы, эмгек акыларды негизсиз төлөп берүүлөр, дебитордук карыз жана башка каржы бузуулар жашырылгандыгы аныкталган. 

Атап айтканда бюджеттик каражаттарды жана анын ведомстволук  мекемелеринин каражаттарын максатсыз пайдалануу  4,4 млн. сомду түзгөн.

Анын ичинен,  уставдык капиталдын 3,5 млн. сом каражаты министрликтин алдындагы Ысык-Көл, Нарын, Ош областтарындагы  “Ишкер” микрокредиттик агенттиктеринин штаттарын  күтүүгө пайдаланылган. 

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук, Балыкчы шаарынын, Чүй, Аксы, Ноокен жана Ак-Талаа райондорунун социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында жана Жалал-Абаддагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жана Ош шаарындагы “Ишкер” микрокредиттик агенттигинде  - 3,6 млн. сомго эмгек акыларды негизсиз төлөп берүүлөр аныкталган.

Мындан тышкары, министрликтин 7 ведомстволук мекемелеринде эмгек акы төлөө учурунда 5,5 млн. сомго бузуулар аныкталган.

Максатсыз пайдаланылган каражаттар - 5,6 млн. сомду, товардык -материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча корлору - 4,9 млн. сомду жана пландалган максатына жетпеген мерчемдүү иш-чараларга коротулган  каражаттар - 0,8 млн. сомду түзгөн.

Ошондой эле аудит тарабынан “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуулар  министрликтин Борбордук аппаратында, Бишкек шаарынын Ленин райондук, Бакай-Ата, Ак-Талаа, жана Ат-Башы райондорунун социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында аныкталгандыгы белгиленет.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча министрликтин жетекчилигине аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузууларды жана иш алып баруудагы кемчиликтерди жоюу жана аларды андан аркы ишинде жол бербөөгө жазма буйрук берилди.

Аудиттин материалдары КР Президентине, КР Өкмөтүнө, КР  Жогорку Кеңешине,  КР Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына, КР  Финансы министрлигине жана аудит объектисине жөнөтүлдү.