Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

10-январда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү

2019-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Отурумга Эсептөө палатасынын Кеңешинин, борбордук аппараттын мүчөлөрү жана аудит объектилеринин жетекчилери катышты.

Отурумдун жүрүшүндө КР Маалыматтык Технологиялар жана Байланыш мамлекеттик комитетине жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнө 2016-2017-жылдарга, КР Акыйкатчысынын Аппаратына 2016-2017-жылдарга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине 2017-жылга, “Чыгышэлектр” жана “Учкун” Ачык акционердик коомдоруна 2017-жылга жана И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетине 2017-жылга жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары каралды. 

Мындан тышкары, аудиттин жыйынтыктарын толук кандуу жана ар тараптуу кароо үчүн аудит объектилеринин тике жетекчилиги астында аудит  жүргүзүлгөн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да отурумга чакырылган. 

“Чыгышэлектр” жана “Учкун”  боюнча аудиттин жыйынтыктарын кароо үчүн “Улуттук Энергетикалык Холдинг Компаниясы” ААКсы жана КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду,              И. Арабаев атындагы КМУ боюнча - КР Билим берүү министрлиги чакырылган.

Аудиттин жыйынтыгы тууралуу маалыматтар каралгандан кийин тийешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт жана КР Эсептөө палатасынын www.esep.kg официалдуу сайтына жүктөлөт.