Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

17-январда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү

Бүгүн 2019-жылдын 17-январында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Кеңештин отурумуна – төрага Улукбек Марипов, аудиторлор - Алимжан Байгазаков, Заирбек Жоошбеков, жана Айжан Садыркулова,  Алмасбек Султанкулов жана Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын кызматкерлери,  аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышышты.

Отурумда КР Транспорт жана жол министрлигинде жана ведомстволук бөлүмдөрүндө 2017-жылга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы, “Кепилдик фонду” ААКсынын 2016-2017-жылдарга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын  ЮНЕСКО иштери боюнча  Улуттук комиссиясынын Катчылыгына 2014-2017-жылдарга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы каралды.

Аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузууларды  талкуулоонун жүрүшүндө, объектилер тарабынан мурунку аудиттин жыйынтыгында берилген жазма буйруктарды аткаруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Эсептөө палатасынын төрагасы жазма буйрукту аткарууну милдеттүү түрдө экенин жана аудит объектисинин жетекчилигине алардын аткарылышын контролдоо зарылдыгын белгиледи. 

Аудиттин жыйынтыгы тууралуу маалыматтар каралгандан кийин тийешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт жана КР Эсептөө палатасынын www.esep.kg официалдуу сайтына жүктөлөт.