Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2016-жылга Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясына аудит жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясына 2016-жылга шайкештик аудит жүргүздү.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча  “Арзан турак жай 2015-2020” Программасын ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук актыларды колдонуу боюнча  МИКтин иш алып баруусу,  Акционердик коомдор жөнүндө Мыйзамды жана тиешелүү ченемдик документтерди колдонуу боюнча МИК ААКсынын 2016-жыл ичиндеги иши жалпысынан аудиттин тиешелүү критерийлерине бардык аспектилер боюнча бир катар маселелерден тышкарылары шайкеш келди.

Атап айтканда “Арзан турак жай” Программасын ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү жана толуктоо 2016-жылы аны аткаруу үчүн бардык ченемдик шарттарды түзгөн жок, натыйжада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы №560 токтому менен белгиленген берилген кредиттерди кайра каржылоо ыкмасынын ордуна кредиттерди инвестициялоо ыкмасы колдонулган.

Ошону менен бирге, жарандардын баардык категорияларына турак-жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн жетиштүү иш-аракеттердин жоктугун аудит белгилейт. Анын натыйжасында ссудалар үй-бүлөдө кошумча кирешесижогору болгон, бюджеттик чөйрөдө иштеген жана төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар чектелүү гана контингентке берилген.

Бюджеттик чөйрө үчүн мамлекеттик ипотеканын жеткиликтүү болбой жатканына таасирин тийгизген негизги фактор болуп жогорку пайыздык ставка саналат. Ал, акционерлердин макулдугусуз, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен алынган 3 пайыздык ставкадагы (мурда 5 пайыз болгон) бюджеттик ссуданы кошумча 5% жылдык ставкада берүү тууралуу өнөктөш-банктар менен башкы макулдашууну түзүү кесепетинен пайда болгон.

Мындан тышкары  Коммерциялык банктардын алыш-бериш эсебиндеги МИК ААКсынын калган каражаттарын төмөндөтүлгөн пайызда бөлүштүрүү МИК ААКсынын кирешесин төмөндөтүүгө алып келерин аудит белгилейт.

Эсептөө палатасы аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ипотеканын наркын жана баштапкы төгүмдүн өлчөмүн төмөндөтүү, кредиттерди субсидиялоо механизмин ишке киргизүү, ошондой эле каржылоонун кыйла арзан булактарын камсыздоо аркылуу “Жеңилдетилген ипотека” багыты боюнча бюджеттик чөйрөнүн кызматчылары үчүн ипотекалык кредиттердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселесин карап чыгуу, ошондой эле, МИК ААКсынын жана өнөктөш-коммерциялык банктардын кирешелерин жана  мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төмөндөтүү аркылуу мамлекеттик ипотекалык наркын азайтуу; Убактылуу жобону туруктуу ченемдик документтерге алмаштыруу менен, “Арзан турак жай 2015-2020” Программасынын ар бир багыты үчүн катышуучуларды тандоонун өзүнчө адилеттүү критерийлерин иштеп чыгуу; жол-жоболордун түзүлүшүн жана тизмелерди бекитүүнү жөнөкөйлөтүү сунушу берилген.

Аудиттин материалдары Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, КР ММББФна жана аудит объектисине жөнөтүлдү.