Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасы кызматкерлердин потенциалын күчөтүү жана коррупцияга каршы агартуу иштерин жүргүзөт

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош ш., Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймакттык бөлүнүшүнүн  кызматкерлерине техникалык окутуу жүргүзүлдү.

Окутуунун негизги максаты аймактык бөлүнүштөрдүн кызматкерлеринин потенциалын күчөтүү, коррупцияга каршы агартуу жана жалпысынан Эсептөө палатасынын иш сапатын жакшыртуу болуп саналат.

Окутуунун жүрүшүндө кеңири козголгон маселелер, жергиликтүү бюджетке аудит жүргүзүү методологиясы, аудит жүргүзүүдө документтештирүү жана аудитордук далилдер, коррупцияга каршы саясат. Ошону менен бирге, мамлекеттик кызматкерлердин ишине баа берүү жөнүндө жаңы жобо, этика жана кызыкчылыктардын келишпестиги маселелери, ошондой эле Эсептөө палатасында иш процесстерин автоматташтыруу тутуму жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, коррупцияга каршы аракеттенүү иштерин күчөтүү боюнча жана алдын алуу максатында республиканын түштүгүндө жайгашкан бир нече объектилердин жетекчилери менен жолугушуу жүргүзүлдү.  Жолугушуунун жүрүшүндө Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин жана аудит объекттеринин укуктары жана милдеттери түшүндүрүлдү, ошондой эле “ишеним телефонунун” иши жана анын номери – 0(555) 500-985 түшүндүрүлдү.

Иш процесстердин жана кызматкерлердин билимин өркүндөтүүгө багытталган окутуулар Эсептөө палатасынын борбордук аппаратында  жана башка аймактык бөлүнүштөрүндө да жүргүзүлөт. ОШ шаарында өткөн окутууга болжол менен 40 кызматкер катышты.