Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын кызматкерлери Онкология жана гематология Улуттук борборунун балдар бөлүмүндө болуп кайтышты

Бүгүн 28-декабрында, Эсептөө палатасынын эмгек жамааты Төрага Улукбек Марипов башында турган жана аудиторлор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнүн кичинекей бейтаптарын жана эмгек жамаатын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап кайтышты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө У. Марипов балдар жана алардын ата-энелер менен баарлашты жана тезирээк сакайып кетүүсүн, дарылануусунда натыйжа болуусун жана чың ден соолук каалады. “Эң башкысы сиздер оорубаңыздар жана бактылуу болуңуздар”, кымбаттуу ата-энелер, сиздерге да бекем ден соолук, күч кубат жана сабырдуулук каалайм. Ар бир улуттун ар бир ата-энеси үчүн балдары ден соолукта жана аман болуусу эң башкы нерсе. Мындан маанилүү нерсе жок го”,- деди.

Эсептөө палатасынын төрагасы бөлүмдүн интенсивдүү терапия палатасын жана амбулатордук дартты аныктоо кабинеттерин капиталдык оңдоодон кийинки абалы менен таанышып чыкты.

Онкология жана гематология Улуттук борборунун балдар бөлүмүнүн бейтаптарына жана эмгек жамаатына зарыл болгон турмуш-тиричилик техникасы жана башка белектер сатылып алынган.