Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына 2016 жана 2017-жылдарга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын  бюджеттик каражаттардын чыгымдар сметасынын аткарылышына, атайын эсептин кирешелер жана чыгымдар сметасына 2016-2017-жылдарга пландык аудит жүргүздү.

 Аудиттин жыйынтыктары боюнча Мамлекеттик кызматтын жетекчилигине “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузууларга жол бербөө, байланыш кызматына бюджеттик каражатты азайтуу тууралуу сунуштар берилди.

Аудиттин материалдары КР Жогорку Кеңешине, КР Президентинин Аппаратына, КР Коопсуздук Кенешинин катчылыгына жана аудит жүргүзүлгөн объектке жөнөтүлдү.