Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтуна 2016-2017-жылдарга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтуна 2016-2017-жылдарга карата бюджеттик каражаттардын чыгымдар сметасынын аткарылышына жана атайын каражаттардын чыгымдарына аудит жүргүзүлдү.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча Институтка бир катар сунуштар берилди. Атап айтканда, бир берененин бюджеттик  каражаттарын башка чыгымдарга жумшоого жол бербөө, дебитордук жана насыялык карызды азайтуу: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2016-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөтү бүткөн дебитордук жана насыялык карызды жабуу.

Аудиттин материалдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, КР Финансы министрлигине жана Институтка жөнөтүлдү.