Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

“Улуттук Энергетикалык Холдинг Компаниясы” ААКсына 2017-жылга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы “Улуттук энерго Холдинг компаниясы” Ачык акционердик коомуна 2017-жылга пландык аудит жүргүздү.

ААКнын ишинде бир катар кемчиликтер бар экенин аудит белгилейт. Атап айтканда, КР Өкмөтүнүн 2017-жылга койгон айрым маселелерин аткаруу жыйынтыгын талдоо көрсөттү:  бөлүштүрүүчү энергокомпанияларда белгиленген нормадан электр энергиясынын жоготуулар – 73 558,8 миң КВт/с же эсеп боюнча 95,4 млн. сомго; 2016-жылдын аягына дебитордук карыздын көлөмү КР Өкмөтү бекиткен 30% пландын ордуна 1,8% га гана азайтылган.

Ошондой эл, аудит Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары  аткарылбагандыгын белгилейт. “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө” жобону бузуу менен  жумуш орундарына аттестациялоо өткөрбөстөн өзгөчө эмгек шарттары үчүн кошуп эсептөөлөр жүргүзүлгөн, атап айтканда ААКнын кызматкерлерине компьютерде иштегендиги үчүн 3,7 млн. сомго бузуулар аныкталаган.

“Сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарын бузуу менен конкурс тууралуу кулактандыруу жарыялабастан, товардык-материалдык баалуулуктар жана кызмат көрсөтүүлөр 1,3 млн. сомго сатылып алынган.  

“Акционердик коомдор жөнүндө” КР Мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен 2017-жылы ревизиялык комиссия тандалып алынган эмес.

“Улуттук энерго Холдинг компаниясы” ААКсына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча жазма буйруктар жана сунуштар берилди, ошондой эле, аудиттин жүрүшүндө белгиленген бузууларга жана кемчиликтерге  жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо сунушталды.

Аудиттин материалдары Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, КР Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына,  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу ММБФке  жана аудит объектисине жөнөтүлдү.