Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

“Бишкек” Эркин экономикалык аймагына 2016-2017-жылга карата жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын Башкы дирекциясынын ишине 2016-2017-жылдарга карата пландык аудит жүргүзүлдү.

“Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын субъектисине тышкы канализациялардын тармагын курууда подрядчы тарабынан курулуш-куроо иштерин 980 миң сомго  ашыруу аныкталган. Аудиттин материалдары КР УКМКга берилди.

Ошондой эле, коомдук жана башка уюмдарда 7,4 млн. сомго бузуулар аныкталган, бюджеттик жоготуулар жана резервдер 6,7 млн. сом.

Имараттарды жана курулмаларды, жер тилкелерин натыйжасыз пайдаланылгандыгы аудит тарабынан белгиленген. Алсак, “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын Ак-Чий аймагында болгон жер тилкелеринин  33%ы  жана Кара-Балтада – 96,97%га өздөштүрүлгөн эмес, Башкы дирекцияда жалпы аянты - 3639,8 м2 болгон беш имарат бош турат.

ЭЭАда мөөнөтү 80ден 98-жылдарга чейинки мөөнөт менен жер тилкелерин ижарага берүү боюнча мурда түзүлгөн келишимдери менен 16 субъект бар. Бирок, ижарага берүү мөөнөттөрү 1999-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7-беренесинин 2-пункту бузган, Кодексте ижарага берүү мөөнөтү 50 жылга чейин уруксат берилген. деп көрсөтүлгөн.

 Учурда “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын жалпы аянты 37 429,1 кв.м 59 объектиси пайдаланууга киргизүү актыларына ээ эмес.

Мындан тышкары, жер тилкелерин келишимде көрсөтүлгөндөн көбүрөөк ижарага берүүнүн натыйжасында, 2015-2017-жылдарга “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын төрт субьектиси боюнча кирешелердин жоготуулары 1043,7 АКШ долларын түзгөн. “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын үч субъектисине ижара келишимин түзбөстөн туруп, имаратты пайдалангандыгы үчүн ижара акысына 7561,2 АКШ доллары кошумча чегерүү жүргүзүлгөн.

Ошондой эле, аянты 1 159,16 кв.м  болгон жер тилкесин пайдаланган компания, анын ичинде - аянты 1105,01 кв.м имараттын астындагы жер тилкесин жана жайлардын  ижара акысы төлөнбөй келет. 2016-жылдын II жарым жылдыгында республикалык   бюджетке чегерүүлөр 2 % өлчөмүндөгү 3 млн. сомду, 2017-жылга - 3,7 млн. сомду түзгөн.

2017-жылдын декабрь айынын аягына инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча №168 Балдар бакчасында 125 аталыш, автопаркта 6 аталыш, “Кара-Балта” СИО - 31 аталыш, “Ак-Чий” СИО - 6 аталыш боюнча ашыкча товардык-материалдык баалуулуктар аныкталган. Ошондой эле, товардык-материалдык баалуулуктарды талаптагыдай тариздөөсү жок эсептен чыгарууга жол берилген. Негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди сатып алуу жана оңдоо боюнча жалпы суммасы 6,9 млн. сом суммасындагы чыгымдардын эсептен чыгаруу фактылары белгиленген.

Башкы дирекция тарабынан мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун өткөрбөстөн 2016-жылы - 27,8 млн. сомго, 2017-жылы -19,9 млн. сомго товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуулар жүргүзүлгөн. Ошондой эле, жалпы суммасы 1,5 млн. сомдук төрт учурда конкурстук табыштаманын мөөнөтү аяктагандан кийин, товарларды жеткирүүгө келишимдер түзүлгөндүгү жана 0,4 млн. сомго келишимди аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн келишимдерге кол коюлган фактылар аныкталган.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын Башкы дирекциясына жазма буйрук  жана сунуштар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына отчет жөнөтүлдү.