Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын китепканасына жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө көп томдуу китептерин тапшырды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын китепканасына Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан дүйнөгө белгилүү жазуучу Ч. Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө көп томдуу китептер белекке берилди.  Китептерди  15 - ноябрда жогоруда аталган  Институттун директору, академик Абдылдажан Акматалиев Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповго тапшырды.

Улукбек Марипов Ч. Айтматовдой инсан жүз жылда бир жаралаарын жана бүтүндөй дүйнөлүк адамзаттын залкар жазуучусу экенин баса белгиледи. “Бул жылы биз улуу жазуучунун 90 - жылдыгын дүйнөлүк деңгээлде белгилеп жатабыз. Ч. Айтматов – кыргыз элинин көөнөрбөс байлыгы, анын чыгармалары - дүйнө адабиятынын чоң мурасы.  Жазуучунун чыгармалары аркылуу биз адамзаттын жана жашоонун терең философиялык баалуулуктарынын бар экенин билебиз жана жазуучунун чыгармалары адамзатка руханий күлазык” деп белгиледи.

Улукбек Марипов жазуучунун чыгармачылыгы менен таанышкандыгы тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшүп, анын руханий жактан өнүгүүсүнө жана калыптануусуна салымы чоң болгонун айта кетти.

Төрага Эсептөө палатасынын жамаатынын жана жеке өзүнүн атынан  Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун ушундай баалуу жана унутулгус белектери үчүн терең ыраазычылыгын билдирди, “Китептен өткөн баалуу белек жок” деп сөзүн жыйынтыктады.

Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан жазуучунун чыгармаларынын кыргыз жана орус тилдеринде 10 томдуу жыйнагы, Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча изилдөөлөр,  анын макалалары жана сүйлөгөн сөздөрү  кыргыз тилинде 3 томдуу жана орус тилинде 5 томдуу, Ч.Айтматовдун  энциклопедиялары 3 томдуу, Ч. Айтматовго арналган 2 томдуу ырлар жыйнагы, өмүр баяны тууралуу сүрөт альбом тапшырылды.