Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине 2016-жылга жүргүзлгөн аудиттин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде жана анын аймактык, ведомстволук бөлүмдөрүнө жана мекемелеринде бюджеттик жана атайын каражаттарды пайдаланылышына пландуу аудит жүргүзүлдү.

Аудиттин жүрүшүндө 6,8 млн. сомго каржы  бузуулары аныкталган. Анын ичинен, эмгек акыларды негизсиз төлөп берүүлөр - 4,7 млн. сом, эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана насыялык карыздар – 1,3 млн. сом, материалдык баалуулуктарды жана акчалай каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу – 0,5 млн. сом, бюджеттик жана атайын каражаттарды максатсыз пайдалануу  – 0,2 млн. сом, курулуш – куроо  иштеринин көлөмдөрүн жогорулатуу – 0,04 млн. сом, кем чыгуулар жана уурдоолор – 0,02 млн. сом.

Эмгек акыларды негизсиз төлөп берүүлөр Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи Май жана Свердлов райондорунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында  тиешелүү түрдө 1,9 млн. сом жана 1,7 млн. сомго аныкталган,  №2 Токмок психоневрологиялык социалдык стационарда – 0,9 млн сом, Ак-Талаа райондук башкармалыгында – 0,1 млн. сом.

Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары 353,8 млн. сомду түздү. Алардын ичинен,   товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары – 1,1 млн. сом, бюджеттик мекемелерди ашыкча каржылоо – 1,3 млн. сом, башка резервдер жана жоготуулар – 351,3 млн. сом, эмгек акыны төлөө учурунда мыйзам бузуулар – 0,1 млн. сом.

Пландоо Программасынын алкагында, коомдук саясатты натыйжалуу ишке ашыруу боюнча бюджеттик чаралардын 4 көрсөткүчү аткарылган эмес, даректүү социалдык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу, министрликтин маалыматтык-аналитикалык башкармалыгынын ишин жүргүзүү жана ички контролдоо жүргүзүлбөгөндүгүн, аудит белгилейт.   Натыйжада, 2016-жылы 4,5 млн евро долбоордук каражаттар өздөштүрүлгөн эмес же мамлекеттик бюджетке 327,8 млн. сом түшкөн эмес.

 Мындан тышкары, 5 негизги иш-чаралардын аткарылбагандыгы БУУнун Трасттык фондунун Долбоорунун максаттарына жана милдеттерине  жетүүгө мүмкүндүк берген эмес, бул болсо, 344,3 миң долларлык эки транш менен каржылоону жеткирип албоого алып келген, же 2016-жылы мамлекеттик бюджетке 23,4 млн. сом өлчөмүндө ресурстар жеткире түшкөн эмес.

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 15,8 млн. сомду түзгөн. Анын ичинде, товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык корлору жана алыш-бериш эсептериндеги каражаттар  -14,4 млн. сом жана пландалган максатына жетпестен, белгилүү бир иш-чараларга чыгымдалган каражаттар - 1,4 млн. сом. Мисалга, министрлик “Кыргызтелеком” ААКсы менен 1,4 млн сомго “Социалдык жардам көрсөтүүнүн корпоративдик маалыматтык системасы” программасынын алкагында иш жөндөмдүүлүгүн камсыз кыла албаган интернет ылдамдыгы төмөн тейлөө кызматына келишим түзгөн.

Рационалдуу эмес пайдаланылган   каражаттардын суммасынан 13,7 млн. сом калыбына келтирилүүгө тийиш. Учурда  республикалык бюджетке 12,3 млн. сом кайтарылды.

Ошондой эле, аудит "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бир катар бузууларды белгиледи. Тендер өткөрүлбөстөн туруп, Араван жана Ноокат райондорунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында баардыгы 2,9 млн сом суммага жумушсуз жарандарды окутуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар жүргүзүлгөн. Базар - Коргон Социалдык өнүктүрүү башкармалыгында жумушсуз жарандарды окутуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда бааларга мониторинг жүргүзбөстөн туруп,  келишим түзүү боюнча  бир катар мыйзам бузуулар болгон.

Ошондой эле, Аламүдүн, Ноокат, Алай, Сузак, Аксы жана Базар-Коргон райондорунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө" Жобонун талаптары аткарылбай жаткандыгы тастыкталган.

Аудиттин  жыйынтыгы боюнча министрликке кетирилген кемчиликтерди четтетүү жана аныкталган  бузууларды жоюу боюнча жазма буйрук берилди. Аудиттин материалдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана министрликтин өзүнө жөнөтүлдү.