Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” Ачык акционердик коомунун ишине жүргүзүлгөн аудит жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2016-жылга “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” Ачык акционердик коомунун ишине аудит жүргүзүлгөн.

Аудиттин жүрүшүндө бюджеттин резерви 4 973,2 млн сомду түзгөн, анын ичинде: 708,7 миң сом 2016-жылы акционердик коомдо чыгымдардын түптөлгөн тарифин  үнөмдөөдөн келип чыккан, 4 264,5 миң сом компаниянын акы төлөнүүчү кызматтарынан, монополияга каршы орган менен макулдашылган эмес.

Аудит аяктаган убакта компания тарабынан республикалык бюджетке 4 973,2 миң сом которулган.

Аудит жүргүзүүдө Коом кредиттик милдеттенмелерди жабууга  660 916,0 миң сом, иш жүзүндө чегерилген милдеттенмелер 1 241 133,5 миң сомду түзгөнүн белгилейт.

“НЭСК” тин чет өлкөлүк кредиттер боюнча 01.12.2017-жылга милдеттенмелери (курс 1 АКШ доллары -  69,7400 сом)  50,5 млрд сом же 724,4 млн АКШ доллары эл аралык донорлордон алынган, алар (АБР, ИБР, СФР, КФАЭР, Швейцария өкмөтү, Түркэксимбанк жана  Эксимбанк КЭР). Баардык сумманын 42,5 млрд сомдук Эксимбанктын алдында  эки долбоордун милдеттенмелери бар: Кыргызстандын түштүгүндө ЛЭПти модернизациялоо, 500 кВ “Датка” жана  “Датка- Кемин курулуш ВЛ 500 кВ”, “Кемин” 500 кВ көмөкчү чордонун курууга.

Кредиттерди төлөөлөрдүн максималдуу суммасы 2022-жылга 4 758 млн сомго көтөрүлүшү болжолдонууда (анын ичинде Эксимбанка кредиттер 4 161 млн сомду),  тейлөө үчүн максималдуу тарифтин деңгээлинде 35,89 тыйынга, 16,89 тыйынга  жогору азыркы белгиленген тарифке салыштырмалуу 19,0 тыйын (анын ичинде Эксимбанк кредиттик милдеттенмелерди жабууда тарифтин деңгээлин 31,4 тыйынга талап кылат, жалпы тарифти 87,49% ын түзөт баардык кредиттик милдеттенмелердин. 

 “НЭСК” ААКсы электро энергияны берүүдө болгон тарифтин төмөндүгүнө байланыштуу, мөөнөтү өткөн береселерди (карыздарды) өз убагында жабууга мүмкүнчүлүгү жетпегендиктен аргасыздан үзгүлтүксүз реструктуризациялоого мажбур.

Мындан тышкары, валюталык курстун өйдө-ылдый болуусунан улам, чет өлкөдөн алынган кредиттерди кайрадан баалоо милдеттенмелери Коомдун  баардык отчёттук каржы жыйынтыктарына таасирин тийгизет. Алсак 2015-жылга чыгаша  5 750,2 млн сомду түзгөн, анын ичинде курстун терс айырмасы 5 630,6 млн сом болгон. Ал эми 2016-жылга киреше 2 449,7 млн сомду түзүп, анын ичинде оң курстук айырма- 4 646,4 млн сомду түзгөн.

Буга ылайык, аудит тарабынан “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” Ачык акционердик коомуна (анын курамына “НЭСК” ААКсы кирет) карыз милдеттенмелерди жабуу боюнча булактарды издөө боюнча чараларды көрүүсүн сунушталган.

Ошондой эле, аудит тарабынан “НЭСК” ААКсына  жабдууларды жеткирүүдө жабдып туруучу компания тарабынан келишимдин милдеттенмелерин так аткарбагандыгы аныкталган. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан Россия Федерациясынын “НЭСК”ААКсынын гранттынын эсебинен 62,4 млн. сом бюджеттик ссуда, 110кВ кубаттуулугу 40МВА болгон  эки(көмөкчү чордон) трансформатор алууга жана коюуга бөлүнгөн. Көмөкчү чордонду алып келүүдө тендерди утуп алган компания, 2017- жылдын аягында алып келген. Жыйынтыгында, 7 072,0 миң сом ( 104,0 миң. КМШ доллар) туум кошулган. Анын ичинде: Көмөкчү чордондордун өз убагында алынып келбегендиги үчүн – 24,0 миң КМШ доллары, анын ичинде келишимди аткарууда банктык кепилдиктердин берилбегендигине, узартылбагандыгына 80,0 миң КМШ доллары. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудит жыйынтыгы боюнча табылган кемчиликтерди жана каржы тартип бузууларды жоюуга жана чара көрүүгө, ошондой эле көмөкчү чордон менен жабдыган компаниядан  жогоруда көрсөтүлгөн сумманы өндүрүү маселесин карап чыксын.