Кемин районунда жүргүзүлгөн аудиттерде 41 763,2 миң сом каржылык бузуулар аныкталды
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Кемин районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттер жүргүзүлдү, алар: Кемин райондук мамлекеттик администрациясы, Кемин районунун Өнүктүрүү фонду, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кемин финансы башкармалыгы, Кемин шаарынын мэриясы, Орловка шаарынын мэриясы, 11 айыл өкмөттөрү, 5 муниципалдык ишканалар.
Чүй областынын Кемин районунда жүргүзүлгөн учурдагы аудиттерде 41 763,2 миң сом каржылык бузуулар аныкталган (аудиттердин жүрүшүндө 3014,9 миң сом калыбына келтирилген), анын ичинде:
- Бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши - 8419,6 миң сом.
- Эсептөөнүн тууралыгына, бюджетке төлөмдөрдүн толуктугуна жана өз убагында жүргүзүлүшүнө, алар боюнча туумдардын чегерилишине жана төлөнүшүнө контролдук кылуу боюнча чараларды көрбөгөндүк - 68,1 миң сом;
- Милдеттүү төлөмдөрдү бюджетке которбоо (кечигип же толук эмес которуу) – 221,5 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 129,2 миң сом калыбына келтирилген);
- Кайтарылуучу негизде алынган бюджеттик каражаттарды кайтарбоо же өз убагында кайтарбоо, компенсациялык негизде берилген бюджеттик каражаттарды (бюджеттик ссуда же кредит) пайдалангандыгы үчүн чегерилген пайыздарды которбоо, же өз убагында которбоо - 1474,4 миң сом;
- Башка булактардан каржыланууга тийиш болгон чыгашаларды төлөө үчүн бюджеттик каражаттарды пайдалануу – 443,8 миң сом;
- Курулуш-монтаждоо иштеринин наркын же көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 10060,3 миң сом;
- Кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар – 885,4 миң сом;
- ТМБ жана башка чыгашалар боюнча ченемден ашык чыгымдар – 2134,5 миң сом;
- ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептөөлөрдөгү каражаттар – 2727,4 миң сом;
- Негизги каражаттарды капиталдаштыруунун тартибин бузуу, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин амортизациясын эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте капиталдаштырылбаган эсепке алынбаган мүлктүн болушу - 2264,6 миң сом ( аудиттин жүрүшүндө толугу менен калыбына келтирилген);
- Бузуулардын негизги топторуна кирбеген мүлктү пайдалануудагы башка бузуулар – 15,0 миң сом;
- Жылдын акырына карата бюджеттин аткарылышы/кирешелери, каражаттары жөнүндө отчеттуулуктун тартибин бузуулар - 21,5 миң сом;
- Эмгек акыны, иш сапардык чыгымдарды, пособиелерди, компенсацияларды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө байланышкан бузуулар – 1083,8 миң сом;
- Дебитордук карыздарды эсепке алуудагы бузуулар – 621,1 миң сом ( аудиттин жүрүшүндө толугу менен калыбына келтирилген);
- Бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун тартибинин башка бузуулары – 203,7 миң сом;
- Мыйзамдын талаптарына ылайык конкурс өткөрбөстөн (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу – 6841,1 миң сом;
- Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү жана башка бузуулар – 4277,4 миң сом.
Аудиттердин материалдары Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн Коллегиясында каралып, бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана уюмдарга аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү.
Коллегиянын чечими менен «Кызыл-Октябрь айылындагы спорткомплекстин курулушу» объектиси боюнча подрядчы "АКААНА" ЖЧКсы тарабынан аткарылган курулуш-куроо жана оңдоо иштерине жүргүзүлгөн аудиттин материалдары, укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жиберилди.
Кемин районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясынын отурумунда кароо, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу, аларга мындан ары жол бербөө боюнча иш-чаралардын комплексин аныктоо, Кемин районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана муниципалдык ишканаларына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча жиберилген жазма буйруктардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылуу сунушталды.