Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Панфилов районунда жүргүзүлгөн аудиттерде 44 млн 356,2 миң сом каржы бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Панфилов районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына  шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.

Аудиттер Панфилов райондук мамлекеттик администрациясында, Кайыңды шаарынын мэриясында, Панфилов районунун Өнүктүрүү фондунда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Панфилов финансы башкармалыгында,  Панфилов районунун 6 өз алдынча башкаруу органдарында жана 2 муниципалдык ишканаларында жүргүзүлгөн.

Чүй областынын Панфилов районунда жүргүзүлгөн аудиттерде 44 млн 356,2 миң сом каржы бузуулар аныкталган, анын ичинен:

  • бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши – 20291,3 миң сом;
  • бюджетке мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү тескөөдөн, мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү пайдалануудан алынган каражаттарды, ошондой эле акы төлөнүүчү мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелерди которбоо (өз убагында же толук эмес которуу) – 76,8 миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) – 209,7 миң сом;
  • башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлө турган чыгымдарды төлөө боюнча бюджеттик каражаттарды пайдалануу – 8160,9 миң сом;
  • курулуш-монтаждоо иштеринин наркын же көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 537,4 миң сом;
  • кызматкерлердин эмгек акы төлөөлөр жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 911,1 миң сом;
  • ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашык чыгымдар – 10570,3 миң сом;
  • ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептөөлөрдөгү каражаттар –           1672,4 миң сом;
  • эмгек акыны, командировкалык чыгымдарды, жөлөкпулдарды, компенсацияларды жана башка төлөмдөр менен байланышкан бузуулар – 1028,7 миң сом;
  • дебитордук карызды эсепке алуу боюнча бузуулар  - 105,8 миң сом;
  • эсеп жүргүзүү тартибинин жана отчеттуулуктун башка бузуулары – 48,3 миң сом;
  • мыйзамдардын талаптарына ылайык, конкурс өткөрүлбөстөн, сатып алуулар (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) – 743,5 миң сом.

Мындан тышкары, 7 (жети) башка жол-жоболук бузуулар жана 4 (төрт) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү башка бузуулар  аныкталган.

Панфилов районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отурумунда кароо, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу, аларга мындан ары жол бербөө боюнча иш-чаралардын комплексин аныктоо, Панфилов районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана муниципалдык ишканаларына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча жиберилген жазма буйруктардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу жана  милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылуу сунушталды.