Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы Талас шаарынын бюджетине жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча – 292 млн 211,7 сом каржы бузууларды аныктады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, 2022-жылга карата Талас шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Талас шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, муниципалдык ишканалардын ишине шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча, бардыгы – 292 млн. 211,7 сом каржылык бузуулар аныкталган, анын ичинде:

  • мөөнөтүндө төлөнбөгөн бюджеттик ссуда 2 млн. сом;
  • эмгек акы жана башка төлөмдөр боюнча бузуулар – 3 млн. 364,8 сом, анын ичинде: штаттан ашыкча бирдиктерди киргизүү – 393,3 миң сом, жумуш орундарын аттестациялоосуз, компьютерде иштегендиги үчүн – 356,2 миң сом өлчөмүндөгү үстөк акы негизсиз төлөнгөн, негизсиз төлөнгөн сый акылар жана сыйлоолор – 2 млн 615,3 сом;
  • жумуштун көлөмүнүн жана аткарылган курулуш-монтаждоо иштеринин наркынын жогорулатылышы – 325,5 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастары жана эсептөөдөгү каражаттар – 76,8 миң сом;
  • ченемдик укуктук актыларда жана келишимдерде (контракттарда) каралган белгиленген өлчөмдөн ашык, аткарылган иштердин актылары жок – 418,9 миң сом суммасындагы аванстык төлөмдөр которулган;
  • пландалган максаттарга жетпестен, каражаттардын рационалдуу эмес чыгымдалышы – 415,1 миң сом;
  • депозиттик эсепте талап кылынбаган – 5,6 миң сом өлчөмүндө калдык;
  • эсеп берме жактардан акча каражаттарын жана материалдык баалуулуктарды аванстык отчетторсуз негизсиз эсептен чыгаруу – 187,5 миң сом;
  • бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды баланстан чыгаруу боюнча мыйзам талаптарынын сакталбагандыгы – 461,0 миң сом;
  • материалдык эмес активдерди эсепке алуу боюнча мыйзам талаптарынын сакталбагандыгы – 30,0 миң сом;
  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз – 185,0 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар – 1 млн. 198,9 сом.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесин бузуу менен, "Таза Суу" муниципалдык ишканасында, 2022-жылга жалпы жылдык кирешесинин курамына ишканага кайтарымсыз берилген наркы 283 млн.542,6 сом болгон курулмалар жана имараттар (суу түтүктөрү) киргизилген эмес. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы кирешени бул суммага көбөйтүү менен Талас шаары боюнча МСКБга такталган отчет түзүлүп берилди.

Талас шаарынын мэриясынын бардык аудит жүргүзүлгөн түзүмдүк бөлүнүштөрүнө аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү.