Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын бюджетинде – 9 млн 132,2 миң сом каржы бузууларды аныктады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан, Чүй областынын Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын бюджетинин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча – 9 млн 132,2 миң сомго “Эмгек акы” беренеси боюнча финансылык бузуулар аныкталды, анын ичинде:

  1. 2020-жылы - 960,9 миң сом;
  2. 2021-жылы - 1 439,1 миң сом;
  3. 2022-жылы - 2 598,0 миң сом;
  4. 2023-жылы – 4 134,2 миң сом.
  • алардын ичинен, негизсиз төлөнгөн эмгек акы – 7189,3 миң сом;
  • Социалдык фондго которулбаган төлөмдөр – 1636,6 миң сом;
  • кармалбаган киреше салыгы – 306,3 миң сом.

Аудит учурунда күнөөлүү адамдардын эсебинен бюджетке –  1 млн 953,8 миң сом калыбына келтирилди.

Жогорудагы мезгил аралыктарында Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким кызматында иштегендер:

  • Сатывалдиев А.В.- 2019-жылдын июнь айынан тартып 2020-жылдын октябрь айына чейин;
  •  Кенжебаев А.Б.- 2020-жылдын октябрь айынан тартып 2021-жылдын май айына чейин;
  •  Айтибаев К.Г. - 2021-жылдын май айынан тартып 2023-жылдын март айына чейин;
  •  Ташкулов И.А.- 2023-жылдын март айынан тартып азыркы мезгилге чейин.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын  Бишкек шаары, Чүй  жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Сокулук райондук мамлекеттик администрациясында аныкталган эмгек акыны негизсиз төлөөлөр фактылары боюнча материалдар УКМКга укуктук баа берүү үчүн жиберилген.