Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Алмазбек Акматов 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

Урматтуу айымдар! 
Сиздерди кирип келген 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен өзүмдүн жана Эсептөө палатасынын эмгек жамаатынын атынан куттуктайм!  
Аялзаты турмуштун туткасы, жашоого нурун чачкан жароокер жар, мээримдүү эне, үйдүн куту, очок ээси. Сиздерге адамзат жашоосундагы асыл нерселерди, түгөнбөс мээрим, көөнөрбөс аруулукту каалап, ден соолукта болушуңарга тилектешпиз. Жаркыраган жаз майрамы ар бир үй-бүлөгө, ынтымакты, тынчтыкты, токчулукту жана бейпил жашоону алып келсин. Жараткандын ийгилик кемеси коштоп, өмүрдүн кенчи түгөнбөсүн.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасынын
Төрагасы 
Алмазбек Акматов