Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы Талас районунун бюджетине жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча – 64 млн 312,2 миң сом каржы бузууларды аныктады

2024-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмдүн Коллегиясында 2021-2022-жылдарга карата Талас областынын Талас районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин отчету каралды.

Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында — 64 млн 312,2 миң сом каржылык бузуулар аныкталган, анын ичинде:  

  • айыл өкмөттөрдүн бюджеттерин түзүүдө, киреше бөлүктөрү негизсиз төмөндөтүлгөн — 1 372,3 миң сом;
  • жайыт комитети тарабынан жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн акынын 1/3 бөлүгү жергиликтүү бюджетке которулган эмес — 196,4 миң сом;
  • эмгек акы төлөөдөгү бузуулар — 8 406,0  миң сом;
  • бош кызмат орундарына кадрлар резервинде турбаган кызматкерлерди кабыл алуу — 8 268,0 миң сом;
  • штаттан ашыкча бирдиктерди кармоо — 48,1 миң сом;
  • эмгек акыдан кармалбаган киреше салыгы жана Социалдык Фондго төлөмдөр — 89,9 миң сом;
  • курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жана наркынын жогорулатылышы —2 709,5 миң сом;
  • бюджеттик жана атайын эсептин каражаттарын максатсыз пайдалануу — 8 348,3 миң сом;
  • жыл аягына карата товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастары жана эсептөөлөрдөгү каражаттар — 405,1  миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктардын ашыкча чыгуусу — 32,2 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу (тастыктоочу документтерисиз, авансылык отчеттору жок туруп эсептен чыгарылган) — 679,8 миң сом; 
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү ижарага берүүдө, ижара келишимдеринин шарттарын бузуу (мүлктүн сакталышы, төлөө мөөнөттөрүнүн сакталышы) — 1 914,3 миң сом;
  • жашырылган дебитордук карыздар — 387,9 миң сом;
  • “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын бузуулар — 39 860,4 миң сом.

Аудит жүргүзүлгөн Талас районунун  мекемелеринде жана уюмдарында аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

Ал эми Бекмолдо айыл өкмөтүнүн акча каражаттарын, күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгаруу жана 6 комбайнды ижарага берүү бөлүгүндө, аудит материалдары укук коргоо органдарына  укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлдү.