Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы Чаткал районуна жүргүзгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча – 27 млн 492,7 миң сом каржы бузууларды аныктады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, ЖалалАбад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад областынын Чаткал районунун социалдык экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзгөн.

Аудитке райондук мамлекеттик администрациясы, КР финансы министрлигинин Чаткал финансы башкармалыгы,Чаткал районунун айыл аймактары жана райондогу өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылды.

Чаткал районуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча – 27 млн 492,7 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды. Бузуулардын классификатору боюнча:

  • бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши – 558,4 миң сом;
  • бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, алар боюнча туумдардын жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча контролдоо чаралардын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 846,0 миң сом;
  • курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу – 7023,5 миң сом;
  • кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар – 3092,9 миң сом;
  • товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын ченемден ашыкча чыгымдалышы – 1072,5 миң сом.
  • товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастары – 967,7 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) – 30,6 миң сом;
  • тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу – 1496,4 миң сом;
  • эмгек акы, сапар чыгымы, жөлөк пулдар, компенсациялар жана башка төлөмдөрду төлөөдөгү бузуулар – 194,0 миң сом;
  • дебитордук карыздарды бухгалтердик эсептен жашыруу – 11954,2 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөту тарабынан белгиленген босоголук суммадан ашкан суммага мамлекекттик сатып алуулар боюнча конкурстар өткөрүлбөстөн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүү – 257,0 миң сом.

Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджет эсебинен аткарылган курулуш иштерине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча аныкталган 587,0 миң сомдук кошуп жазуулар, Сумсар айыл өкмөтүндөгү 1072,5 миң сомдук курулуш иштерине кошуп жазуулар, мындан тышкары Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү 386,0 миң сомдук курулуш иштерине кошуп жазуулар, ошондой эле Чаткал айыл өкмөтүндөгү 1308,0 миң сомдук соцпакет каражаттарынын сарпталышы боюнча материалдар жана Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү мурунку аудиттин жыйынтыгы боюнча аныкталып, азыркы күнгө чейин калыбына келтирилбеген 619,2 миң сомдук курулуш иштерине кошуп жазуулар боюнча материалдар, укуктук баа берүү үчүн Жалал-Абад областтык прокуратурасына жиберилди.