КР Эсептөө палатасынын төрагалыгы астында Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгына мүчө мамлекеттеринин мамлекеттик аудиттин жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин ХХ сессиясы видео-байланыш аркылуу болуп өттү
2023-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагалыгы астында Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгына мүчө мамлекеттеринин мамлекеттик аудиттин жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин ХХ сессиясы видео-байланыш аркылуу болуп өттү. Иш чара “Мамлекеттик аудиттин көз карандысыздыгын камсыз кылуу” темасынын алкагында өткөрүлдү.
Сессиянын жүрүшүндө мамлекеттик башкаруунун жогорку органдарынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу маселелери талкууланды. Анда, Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик аудит органдарынын, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин жетекчилери баяндама жасашты.
Сессиянын жыйынтыгы боюнча XX сессиянын резолюциясы жана чечими кабыл алынып, ошондой эле Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин мамлекеттик аудиттин (финансылык контролдоонун) жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин XX жана XXI сессияларынын ортосундагы мезгил аралыгына иш планы бекитилди.