Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

 

23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 34 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болуп, ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келет. Андыктан, бүгүнкү Мамлекеттик тил майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Тил улуттун жан дүйнөсү – деп, таамай айтылгандай тилибиздин тагдыры жалпыбыздын, ал гана турсун ар бирибиздин милдетибиз. Ар бир улуттун өзүнүн ыйык өзгөчөлүктөрү болот. Алардын эң башкысы, бул - эне тили. Бүгүн тилин жоготкон эл, эртең улутун жоготот. Башка элдерге сиңип жок болуп кетет. Тарыхта жүздөгөн элдердин башка элге сиңип, жок болуп кеткени баарыбызга маалым.
Биздин ата-бабаларыбыз эне тилде “Манас” эпосун жаратып, муундан-муунга өткөрүп келген.
Эне тили каны-жаныбызга эненин сүтү, бешик ыры, аталардын нуска кептери, чоң аталардын санжырасы, чоң энелердин жомогу, комузубуздун күүсү менен сиңип келген.
Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди кастарлаганда гана биз улуттук жүзүбүздү, маданиятыбызды, рухубузду, каада-салттарыбызды сактап кала алабыз.Учурда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында баардык иш кагаздар мамлекеттик тилде жүргүзүлүп келет. “Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы да кабыл алынды, буга мамлекет башчыбыз Садыр Нуркожоевичтин салымы зор. Мындан ары да тилибизди кадыр-барктап, анын жайылышына салымыбызды кошо берели.
Сиздерди дагы бир жолу Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө биримдик, тынчтык каалайм. Кылымдарды карыткан улуу мурас – кыргыз тили өркүндөй берсин!
Урматтоо менен,
КР Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов