Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов кыргызстандыктарды эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бул майрам Кыргыз Республикасынын мамлекет катары эркиндигинин жана кубаттулугунун символу болуп эсептелинет. Эгемендигибиз — ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз. Өлкөбүз эгемендүүлүктү алган күндөн бери башынан көп кыйынчылыктарды өткөрдү, ага карабастан  ар бир жолу кыргыз эли туруктуу, сабырдуу жана улуу калк экенин далилдеп келет. Эгемендүүлүктү көздүн карегиндей сактап, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө салымыбызды кошолу.
Биз биргелешкен күч-аракет жана ак эмгек менен, Кыргызстандын улуу тарыхын жана анын ар тараптуу өнүгүүсүн улайбыз деп ишенем.

Бул маанилүү күндө Сиздерге бакубат турмуш, чың ден-соолук жана туруктуулук каалайм. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө ар дайым тынчтык жана ынтымак болсун.
Урматтоо менен, Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов