Базар-Коргон районунда 2021-2022 жылдарга карата жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021 - 2022-жылдын мезгил аралыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча 5791,4 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды.
Аудиттин жыйынтыгы менен жалпысынан 5791,4 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды, анын ичинен:
- акча каражатынын жетишпестиги 14,8 миң сом;
- материалдык баалуулуктардын жетишпестиктери 30,9 миң сом;
- каражаттарды сарптоодогу чектен чыгуулар жана кемчиликтердин жалпы суммасы 5459,9 миң сом болсо, андан:
- эмгек акыларды негизсиз төлөөлөр 151,4 миң сом;
- материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз чыгымдоолор 101,8 мин сом;
- сапар чыгымдарына ашыкча төлөөлөр 75,4 мин сом;
- курулуш иштеринин көлөмүн жана баасын негизсиз жогорулатуулар (кошуп жазуулар) 2397,9 мин сом;
- бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануулар 2,0 мин сом;
- дебитордук карыздарды жашыруулар жана кредитордук карыздарды негизсиз көбөйтүүлөр 2731,4 миң сом;
- бюджетке кошумча эсептөөлөр 155,0 мин сом;
- КРнын Социалдык фонддун бюджетине кошумча эсептөөлөр 130,8 миң сомду түзгөн.
Жалпы аныкталган каржылык бузуулардан 5737,5 миң сом ордуна коюлууга тийиш болгон болсо, аудиттин жүрүшүндө 395,1 миң сом ордуна коюлган, ал эми ордуна коюлбаган сумма 5342,4 миң сомду түзгөн.
Андан сырткары 3001,0 миң сомдук бюджеттик жоготуулар жана резервдер аныкталган, анын ичинен:
- товардык-материалдык баалуулуктарды нормадан ашыкча сарптоолор 12,3 миң сом (ГСМ);
- эмгек акыларды төлөөдөгү чектен чыгуулар 2977,9 миң сом (ашыкча штат бирдиги);
- башка резервдер жана жоготуулар 10,8 мин сом (ЭЭПЭ жазаналары ж.б).
Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 4449,0 миң сом, анын ичинен:
- пландалган максатына жетпестен чыгымдалган каражаттар 4449,0 миң сом, (4390,0 миң сом атайын техника, 59,0 миң сом 1С программа).
Аудиттин жыйынтыгы менен Базар-Коргон шаар мэриясында аныкталган 1658,3 миң сомдук курулуш иштерине кошуп жазуулар жана пландалган максатына жетпей чыгымдалган 4390,0 миң сом каражаттар боюнча материалдар, укуктук баа берүү үчун Жалал-Абад облустук прокуратурасына берилди.