Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын Ош ш, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймктык бөлүнүшүнүн кызматкерлери үчүн «Программалык бюджеттештирүү» окуу программасы болуп өттү

2-июнда КРнын Эсептөө палатасынын Ош ш, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймктык бөлүнүшүнүн кызматкерлери үчүн «Программалык бюджеттештирүү» окуу программасы болуп өттү. 

Семинардын программасында «Программалык бюджеттин концепциясы» презентациясы камтылган. Артыкчылыктары. Программалык бюджетти түзүү үчүн мыйзамдык база. Уюштуруу аспектилери. ПНБнин түзүлүшүнүн негизги этаптары. Андан тышкары семинардын катышуучулары ПНБни түзүүнү, кароону жана ишке ашыруунун мөөнөттөрүн, ПНБни түзүүнүн негизги талаптарын жана ресурстук базаны талкуулашты.

Ошондой эле катышуучулар «Бюджеттик программанын паспорту. Бюджеттик программалардын аткарылышынын көрсөткүчтөрү». Бюджеттик программаларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы. Бюджеттик программалардын аткарылышын көзөмөлдөө. Натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүнө жетишүү жөнүндөгү отчеттордун мазмуну. Отчеттук формалар. ПНБнин ишке ашыруу сыяктуу иштеги маанилүү аспектилерге да токтолушту.

Семинардын жыйынтыгында топтук сессияларга бөлүнүп, программалык бюджеттерди карап чыгууда жана эффективдүү индикаторлорго жетишүү боюнча отчеттуулукта эмнелерди эске алуу керектигин карап чыгышты.  

Окутуу ЮНИСЕФтин «Комплекстүү улуттук каржылоо механизмдери» программасынын колдоосу менен уюштурулду.