Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргызстандын ЭП Норвегияда өткөн “АЖОнун  отчеттуулук демилгеси (GSAI)” программасынын жолугушуусуна катышты

6-10-мартта Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү Норвегиянын Осло шаарында өткөн “АЖОнун отчеттуулук боюнча глобалдык демилгеси (GSAI)” программасынын башталгыч жыйынына катышты.

 

IDI INTOSSAI (INTOSAI Өнүктүрүү демилгеси) ишке ашырып жаткан GSAI программасы Жогорку аудит органдарынын жетекчилиги астында өнөктөш демөөрчүлөрдү жана камсыздоочуларды  тартуу менен потенциалды жогорулатуу долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн механизмдерин түзүүгө  багытталган.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, Польшанын  АЖОнун жана IDI ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду, анда төмөнкүлөр каралган:

  •  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын потенциалын чыңдоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча долбоорду иштеп чыгуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү, өнөктөштөр менен ишти координациялоо механизмдерин аныктоо, ошондой эле бул долбоорду каржылоону камсыздоо;
  •  долбоорду ишке ашырууда кызматташуу үчүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлерин даярдоо;
  •  2023-жылдын экинчи кварталынын аягына чейин өнөктөштөр менен күтүлүп жаткан натыйжалар, ресурстар, жоопкерчиликтер жана долбоорду башкарууну камтыган  кызматташуу келишимине кол коюу.

 

Маалымат үчүн:

INTOSAI – Жогорку аудит органдарына өз ара колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн автономдуу, көз карандысыз, кесипкөй жана саясий эмес Жогорку аудит органдарынын эл аралык уюму.

 

INTOSAI өнүктүрүү демилгеси (IDI INTOSAI) коммерциялык эмес автономдуу аткаруучу уюм жана INTOSAI коомчулугунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. IDI өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү жогорку аудит органдарына (АЖО) алардын натыйжалуулугун жана потенциалын туруктуу жогорулатуу үчүн колдоо көрсөтүү ыйгарым укуктарга ээ

.