Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктайм!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктайм!
Кыргызстандын желеги - мамлекеттүүлүктүн, эгемендүүлүктүн, өлкөнүн демократиялык түзүлүшүнүн жана элдин биримдигинин символу. Бул ар бирибиздин Мекенге болгон патриоттук сезимибизди чагылдырган символ. Ал биздин ата-бабаларыбыз басып өткөн татаал жолун, күжүрмөн эмгегин жана алардын улуу кыялдарын даңазалайт.

Сиздерге бакубатчылык, ден соолук жана бакыт каалайбыз! Өлкөбүздүн бейпил асманынын астында элди ынтымакка, биримдикке, жаратмандыкка чакырган Кыргызстандын мамлекеттик туусу ар дайым бийик желбиреп турсун!

 

Урматым менен,
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасынын
Төрагасы Алмазбек Акматов.