Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Сузак районунун 2020-2021-жылдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын шайкештик аудитинин жыйынтыгы

Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү 2020-2021-жылдарга Сузак районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун сакталышы боюнча аудит жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө талдоо жүргүздү.

Аудит райондук мамлекеттик администрациясын, КР Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана алардын муниципалдык мекемелерин камтыды. Текшерүүлөрдө 2650,9 миң сомго финансылык тартип бузуулар аныкталды, анын ичинен: 18,7 миң сомго товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги, 2338,3 миң сомго акча каражаттарын чыгымдоодогу тартип бузуулар жана кемчиликтер, анын ичинен: негизсиз эмгек акы төлөө 50,2 миң сомду, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу - 63,2 миң сомду, иш сапарга кеткен чыгымдарды ашыкча төлөө - 58,3 миң сомду, курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмүн жана наркын ашыра баалоо - 980,8 миң сомду, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу — 273,2 миң сомду түздү.

Аныкталган каржылык тартип бузуулардын ичинен 2608,8 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш, текшерүүнүн жүрүшүндө 596,0 миң сом калыбына келтирилген. Ошондой эле бюджеттин 1628,2 миң сомдук резервдери жана жоготуулары аныкталган.