Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31-жылдыгына карата 2022-жылдын 30-август күнү Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшүндө спорттун 4 түрү боюнча иш-чаралар болуп өттү. Ага баардык кызматкерлер катышышты. Спорттук иш-чаралар шахмат, бильярд, стол тенниси жана футбол боюнча өттү. Иш-чаралар спортту жана сергек жашоо образын кенири жайылтуу максатында өткөрүлүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.