Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоосу!

Урматтуу мекендештер!  Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.  Эгемендүүлүк күнү - биздин өлкө үчүн абдан мааниси зор тарыхый майрам.

1991-жылдын 31-августунда Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин кезексиз жыйынында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларация" кабыл алынган. Бул тарыхый документке ылайык биздин өлкө көз карандысыз, суверендүү, демократиялык өлкө деп жарыяланган.

Кыргызстан – көп улуттардан турган, баары ынтымакта, бейкуттукта жашаган өлкө. Ушул эгемендүүлүктү көз карегибиздей сактап, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө салымыбызды  кошолу. Эгемендүүлүк үчүн ата-бабаларыбыздын эмгегин эстеп,  мамлекет ар бир кыргыз жараны үчүн ыйык, бабалардан калган  мурас экенин эстен чыгарбайлы.  Мекенибиз өнүккөн өлкө катары дүйнө жүзүнө тааныла берсин.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!