Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйыны 10-июнунда болуп өттү

2022-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө, республикалык бюджетке чегерилүүчү пайданы эсептөөнүн тууралыгы бөлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудити, 2020-жыл мезгил аралыгына карата “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКсынын натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити, ошондой эле 2018–2020-жылдар мезгил аралыгына карата “Чакан ГЭС” Ачык акционердик коомунда натыйжалуулук аудитинин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчеттор талкууланды жана бекитилди.

Кеңештин жыйынына Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппарат кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттин объектилерине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн объектилердеги жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кененирээк маалымат www.esep.kg сайтында жакынкы арада жайгаштырылат.