Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери “Санарип сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу жана маалыматтарды талдоонун санарип аспаптарын колдонуу” семинарына катышышты

    Үстүбүздөгү жылдын 7-июнунда КМШ мүчө мамлекеттеринин жана башка өлкөлөрдүн мамлекеттик  аудиттин (финансылык контролдоонун) жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин алкагында, Россия Федерациясынын Эсептөө палатасы  уюштурган, тажрыйба алмашуу боюнча  “Санарип сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу жана маалыматтарды талдоонун санарип аспаптарын колдонуу” онлайн семинары болуп өттү.   

    Семинардын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын мисалында тиешелүү команданы жана керектүү компетенцияны түзүү боюнча  персоналдар менен иштөө ыкмасынын санарип сабаттуулугун жакшыртуу бөлүгүндө, баяндамалар менен, Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү. Ошондой эле, маалыматтарды талдоо маселеси козголду жана бул максаттар үчүн, санарип аспаптары каралды.    

    Катышуучулардын көңүлү, контролдук иш-аракеттерде жасалма интеллектин аспаптарын колдонуу боюнча  темага өзгөчө бурулду, ал ченемдик-укуктук актылар менен товардык-материалдык баалуулуктардын аталышын бухгалтердик эсептин маалыматтары менен салыштырууга, мисалы, экологиялык тематика боюнча  жаңылыктарды тандоого, тексттерди салыштырууга, көрсөткүчтөрдү топтоого  мүмкүндүк берет.