Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын эмгек жамаатына жаңы шайланган аудиторлору тааныштырылды

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Толонов Данияр Эрмекович Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын эмгек жамаатына жаңы шайланган аудиторлорду тааныштырды.

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 25-майындагы № 271-VII токтомунун негизинде төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлору болуп шайланышты:

  • Рыскулиев Бадахшан Акматович (КР Президенти тарабынан сунушталган);
  • Жумагулов Уран Аскарбекович (КР Президенти тарабынан сунушталган);
  • Садовников Вадим Александрович («Ынтымак» фракциясы тарабынан сунушталган);
  • Батиров Пардаали Сулейманович («Элдик» депутаттык тобу тарабынан сунушталган);
  • Раматилаев Азамат Абдыкадырович («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы тарабынан сунушталган).

    Аталган комитеттин төрагасы жаңы шайланган аудиторлорду куттуктап, алардын жооптуу иштеринде ийгиликтерди каалап, бюджеттик системаны жакшыртууда кесипкөйлүк салымдарын кошууга чакырды.

    Ошондой эле, бул иш-чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү Масабиров Талайбек Айтмаматович дагы жаңы шайланган аудиторлорду куттуктап, өзүнүн каалоо-тилектерин айтып өттү. “Аудитордук текшерүүлөрдүн сапаттуу жыйынтыктары Президент, Жогорку Кеңеш жана Министрлер Кабинети тарабынан туура чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзөт” – деди ал.

    Андан соң, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Акматов Алмазбек Шаршембиевич жаңы шайланган аудиторлорду куттуктоо менен биргеликте таза жана натыйжалуу иш алып барууга үгүттөдү.

    Ал эми жаңы шайланган аудиторлордун атынан Рыскулиев Бадахшан Акматович Кыргыз Республикасынын Президентине жана Жогорку Кеңешине ишенич артуу менен шайлап бергендерине ыраазычылык билдирип, Эсептөө палатасынын ишин алдыга жылдырууда өздөрүнүн салымын кошуп, жигердүү иш алып барышарын белгиледи.