Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов иш сапары менен Түрк Эсеп Сотунун 160 жылдыгына арналган Түркия Республикасын Анкара шаарында 2022-жылдын 30–31 майында болуп өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты

     Аталган иш-чарада, Алмазбек Акматов Испания, Португалия жана Түркиянын аудиттин жогорку органдарынын эксперттеринин катышуусу менен панелдик  дискуссияга катышты.  Панелдик дискуссия “Түрк Эсеп Соту конституциялык чечимдер контекстинде” жана “Аудиттин жогорку органдарынын соттук функциялары” сыяктуу темаларга багытталган.

    Ошондой эле, 30-майда төрага Алмазбек Акматов Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигине барып, элчи  Кубанычбек  Омуралиев менен жолугушту. Жолугушуунун  жүрүшүндө элчи  эки тараптуу кыргыз-түрк мамилелеринин учурдагы абалы жана келечектеги өнүгүүсү жөнүндө маалымат берди.

    31-майда төрага Алмазбек Акматов менен Түрк Эсеп Сотунун төрагасы Метин Йенердин эки тараптуу жолугушуусу өттү. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу, анын ичинен, Экономикалык кызматташуу өлкөлөрүнүн аудиттин жогорку органдарынын (ECOSAI) алкагында маселелер талкууланды.

    Мында, тараптар мамлекеттик  аудитти жүргүзүү чөйрөсүндө түрк тараптын ийгиликтүү тажрыйбасын эске алуу менен,  аудитти пландоо этабында тобокелдиктерди аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды электрондук талдоо программасынын алкагында тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашууга жетишишти.