Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн коллективи “Үмүт” БПАБ балдарын Балдарды коргоо күнү менен куттукташты

    1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүндө, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси Т.Т. Шаменов жана профсоюз уюмунун мүчөлөрү Ысык–Ата районунун Кант шаарында жайгашкан “Үмүт” балдар патронаттык-адаптациялык борборуна барып, Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнүн кызматкерлеринин өздүк каражаттарына алынган: муздаткычты, тамак-аш азыктарды, таттууларды жана суусундуктарды белекке тапшырышты.

    Аймактык бөлүнүштүн жетекчиси Т. Шаменов балдарды жана борбордун кызматкерлерине төмөнкү куттуктоо сөздөрүн айтты: “Балдар-бул биздин жашообуздун байлыгы. Бүгүнкү майрамыңар  кут болсун! Силерге ар дайым жарык маанай, бекем ден-соолук, бактылуу балалык каалайм. Татыктуу тарбия, билим алып, акылдуу,  адептүү, билимдүү жаштардан болуп чоңойгула. Келечекте ар бириңер өз максаттарыңарга жетип, мекениңердин татыктуу атуулдары болушуңарга тилектешпиз. Ал эми, силерге тарбия, билим берип жаткан борбордун кызматкерлерине өзгөчө камкордугу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздер тарбиялап өстүргөн балдар ар дайым ийгиликтери менен сиздерди кубандырсын”.

    Өз кезегинде “Үмүт” БПАБ директору А.Джумагазиева Т.Шаменовго “Ыраазычылык кат” тапшырды.

    Борбордо бардыгы 220 жакын балдар тарбия жана билим алышат.

    “Үмүт” балдар патронаттык-адаптациялык борбору калкка социалдык кызмат көрсөтүүдө, балдар менен иштөөнүн инновациялык ыкмаларын киргизүү боюнча иштейт.