Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

“Балдар жердин жандуу гүлдөрү” - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы балдарды 1-июнь – Балдардын коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

    Бүгүн, балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын эмгек жамааты Ысык-Ата районунун Красноречка атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинин окуучуларын куттукташты.  Бул жатак мектебинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, оорукчан балдар, бардыгы болуп 146 окуучу тарбияланышат.

    Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу, аудитор А.Т. Байгазаков, аудитор З.А. Сатаев, аудитор М.К. Арзыбаев, аппарат жетекчиси Н.Б. Осмонов, Башкармалыктын начальниги Р. М. Абдыкалыков жана Профсоюз комитетинин   төрагасы С.З. Утуров, жана башка кызматкерлер бул жатак-мектебине барышып, балдарга жаркын маанай, шаттуу күн тартуулаган майрамы менен чын жүрөктөн куттукташып, жакшы тилектерин, каалоолорун айтышты.

     Учурда, төрага  А.Ш. Акматов иш сапарда жүргөндүгүнө байланыштуу, анын куттуктоосун балдарга окуп беришти. Анда “Сиздерге кааларым, ар дайым ден соолугуңарды чыңдоону унутпагыла. Ден соолук – бул биринчи байлык. Билим алууда ага кызыгуу менен мамиле жасаңыздар, ошондо ал жеңил жана оңой кабыл алынат. Улууларды урматтап, кичүүлөрдү сыйлаңыздар. Мекенибизди барктап сүйгүлө. Анткени силер анын келечегисиңер. Кыялдангандан эч тартынбагыла, кыялдарыңар канчалык таза, күчтүү жана бекем болсо, алар сөзсүз түрдө аткарылат. Азыркы кыялдарыңар – турмуштагы эртеңки максаттарыңар” деп жазылып, мугалимдерге да жакшы каалоо-тилектерин билдирген.

    Чыгып сүйлөгөндөр, “Балдардын күлкүсү чыгып турган жер – бакыт уялаган жер” дегендей, балдардын күлкүсү бул – тынчтыктын, бейпилдиктин  жана бакубат жашоонун символу” деп,  баса белгилешти. Балдарга туура тарбия берип, илим-билимге сугарган, келечекте алардын мыкты инсан болуп чыгышына болгон күч-аракетин жумшаган, алар үчүн билимин жана өмүрүн арнаган мугалимдерге ыраазычылык билдиршти. 

    Куттуктоодон кийин келген меймандар балдарга Эсептөө палатасынын кызматкерлери өз каражаттарына сатып алган, белектерди – тоңдургуч камерасын, терезе пардолорду, таттууларды, тамак-ашты, кеңсе товарларын беришип, балдарды жана анын мугалимдерин, тарбиячыларын сүйүнтүштү.

    Эсептөө палатасы  буга чейин дагы бул жатак мектепке компьютерлерди, эмеректерди жана килемдерди жардам катары беришкен.

    Балдар буга ыраазычылык катары, өз күчтөрү менен уюштурган концертин тартуулашты. Мындай жардам берүү майрам күндөрү гана болбостон башка учурларда да боло бермекчи.