Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында “Партнерская группа Прецедент” Коомдук бирикмесинин жана Эл аралык бюджеттик өнөктөштүктүн өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

    2022-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында  “Прецедент Партнердук Группа” Коомдук бирикмесинин жана Эл аралык бюджеттик өнөктөштүктүн өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. 

    Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар, бюджеттин ачыктыгын бекемдөө, анын индекси тууралуу жана бюджеттик процесске жарандык коомду тартуу маселесин талкуулашты.

    Ошондой эле, “Прецедент Партнердук Группа” Коомдук бирикмесинин  жана Эл аралык бюджеттик өнөктөштүктүн өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишинин негизги түрлөрү жана ыйгарым укуктары менен таанышышты.

    Ошону менен бирге, эл аралык эксперттер Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өкүлдөрүн коомчулуктун катышуусу менен аудит жүргүзүүдөгү Непал жана Аргентина өлкөлөрүнүн тажрыйбалары жана 2021-жылга Кыргыз Республикасынын бюджеттик ачыктыгынын индексин баалоо процесстери менен тааныштырышты.

    Жолугушуунун аягында тараптар бюджеттин ачыктыгын бекемдөө, негизинен анын аткарылышы боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.