Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери “COVID-19 пандемия шартында туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө аудиттин жогорку органынын ролу” темасындагы онлайн семинарына катышты
2020-жылдын 22-майында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) мүчө
мамлекеттеринин мамлекеттик аудиттин (финансылык контролдоонун) жогорку органдарынын Кеңешинин иш планына ылайык, тажрыйба алмашуу алкагында, Тажикстан Республикасынын Эсептөө палатасы уюштурган видео конференция режиминде “COVID-19 пандемия шартында туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө аудиттин жогорку органынын ролу” темасындагы семинар болуп өттү. Семинарга Беларусь, Армения, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Молдова өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Семинарда “COVID-19 пандемия шартында туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө аудиттин жогорку органынын ролу” жана “COVID-19 пандемия шартында туруктуу өнүгүүгө жардам берүү боюнча Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын тажрыйбасы жана артыкчылыктуу милдеттер” темасындагы баяндамалар менен, Тажикстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Эсептөө палаталарынын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.