Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны 18-февралда болуп өттү

2022-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кеңештин жыйынына Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппарат кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө 2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык сотунда жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет, 2020-жылга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүндө, мекемелеринде жана аймактык органдарында бюджеттин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудит жөнүндө отчет, 2020-жылга “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунда натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен, шайкештик аудити жөнүндө отчет талкууланды.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттин объектилерине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн объектилердеги жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кененирээк маалымат www.esep.kg сайтында жакынкы арада берилет.