Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын кызматкерлери “Санариптик жетишкендик деңгээлин жогорулатуу” темасындагы видеоконференцияга катышты

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери 2022-жылдын 15-февралында  «Санариптик жетишкендик деңгээлин жогорулатуу» темасындагы онлайн видеоконференцияга катышты.

Видеоконференция Россия Федерациясынын Эсептөө палатасы тарабынан КМШ мүчө мамлекеттердин мамлекеттик аудит боюнча жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин алкагында уюштурулду. Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын Стратегиялык өнүгүү департаментинин директорунун орун басары Юлия Попкова доклад жана презентация менен тааныштырды.

Видеоконференциянын катышуучулары Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын санариптик жетишкендиктин моделин иштеп чыгуу, баалоону өткөрүү, санариптик жетишкендиктин деңгээлин жогорулатуу үчүн пландарды даярдоо жана аткаруу боюнча тажрыйба менен бөлүшүштү.