Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин бюджетине аудит жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2019-2020-жылдар мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде бюджеттин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен шайкештик аудити жөнүндө отчетун кабыл алды.

Аудиттин материалдарында айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекстин нормаларын сактоо боюнча кээ бир кемчиликтер белгиленди.

Тактап айтсак, “Ижара төлөө” беренеси боюнча такталган пландык көрсөткүчтөрдүн бюджеттик каражаттардын чыгашалар сметасында жоктугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан каржылоо ачылган.

Элчиликтин жетекчилигинин буйругу менен кызматтык унаага күйүүчү-майлоочу каражаттардын чыгымдоосунун ченемдери бекитилген, бирок ал тиешелүү орган тарабынан бекитилген авто унааларга күйүүчү майдын чыгымдоосунун линейлик ченемдерден жогорулатылгандыгы аныкталды.

Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана аудиттин объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө Эсептөө палатасынын жазма буйруктары жана сунуштамалары жөнөтүлдү.