Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

"Жалал-Абад областын өнүктүрүү фондусунун" ишине аудит жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2015-2020-жылдар мезгил аралыгына карата "Жалал-Абад областын өнүктүрүү фонду" мекемесинин ишине жүргүзүлгөн аудиттин отчетун кабыл алды.

Аудиттин жыйынтыгы көрсөткөндөй, Жалал-Абад областын өнүктүрүү фондунун акча каражаттарын түзүүдө мыйзам ченемдик актыларында көрсөтүлгөн талаптар сакталбаган жана каралган киреше булактарын толук жана өз убагында туура чегерүү жана каржылоо иштери тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлгөн эмес.

“Жалал-Абад областын өнүктүрүү фонду” тарабынан каржыланган долбоорлордун капиталдык оңдоо жана курулуш иштеринин ашыкча көлөмү  жана иштердин баасын ашыкча баалоо аныкталган. Бул сумма 3  млн. 104,4 миң сомду түзөт, анын ичинен 313,4 миң сом аткарылган жумуштардан кыскартылган, 2 млн. 751,7 миң сомго кошумча жумуштар аткарылган, 39,3 миң сом кайтарууга жатат.

2017-2020-жылдары кошумча төлөнгөн айлык акыдан жана эмгек келишимдер боюнча төлөмдөрдөн киреше салыгы 111,0 миң сомго жана Социалдык фондго төлөмдөр 103,1 миң сомго кармалбай калган.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.