Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджеттеринде 16 млн. сомдук каржы бузуулар аныкталды

2019-2020-жылдар аралыгында Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 16 млн. 34,1 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, эң көп төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган:

  • материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 6 млн. 909,0 миң сом;
  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз жана кредиттик карыздарды негизсиз көбөйтүү – 8 млн. 903,6 миң сом;
  • курулуш-монтаж иштеринин көлөмүн жогорулатуу – 112,1 миң сом;

Мындан тышкары, бюджеттин жоготуулары жана резервдери 940,9 миң сом суммасында аныкталды.

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 15 млн. 773,1 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 15 млн. 606,6 миң сом кайтарылды.

Ири суммадагы каржы бузуулар төмөнкү мекемелерде аныкталган:

Нарын шаардык мэриясы – 1 млн. 669,7 миң сом,

“Таза Нарын” муниципалдык ишканасы – 13 млн. 842,1 миң сом,

Нарын шаардык маданият бөлүмү -  212,9 миң сом,

Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы – 184,6 миң сом.

Эсептөө палатасы тарабынан аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканаларга аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.