Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы: Соттук өкүлчүлүк борбору 2018-2019-жж. КР Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын натыйжалуу чагылдырган эмес

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2018-2019-жылдар аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунда жүргүзүлгөн натыйжалуулук аудити жөнүндө отчетту талкуулады.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасынын корутундусунда айтылгандай, Борбордун иши айрым аспектилерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо жана башка адистештирилген соттордо талаптагыдай жана натыйжалуу чагылдырууга туура келбейт деп табылды.

Эки юридикалык компания иш алып барган 16 эл аралык арбитраждык сот иштеринин ичинен 8 арбитраждык иш гана аягына чыккан.

Ошондой эле, бир юридикалык компанияга тапшырылган сотко чейинки өндүрүш демилгеленген сот иштериинин бири дагы Кыргыз Республикасынын пайдасына жыйынтык чыккан эмес.

Соттук өкүлчүлүк борбору тарабынан эл аралык арбитраждык соттордо каралып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына карата соттук доо арыздар боюнча маалыматтар базасы жүргүзүлгөн эмес.

Ички контроль системасында кызматкерлердин ишин баалоочу сапаттык мүнөздөмөлөрдүн көрсөткүчтөрү киргизилген эмес.