Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Ноокат районунун жергиликтүү бюджеттеринде 8,5 млн. сомдук каржы бузуулар аныкталды

2019-2020-жылдар аралыгында Ноокат районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 8 млн. 545,4 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, эң көп төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган:

  • курулуш иштерине кошуп жазуулар - 3 млн. 246,3 миң сом;
  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз жана кредиттик карыздарды негизсиз көбөйтүү – 2 млн. 367,8 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 865,3 миң сом;
  • эмгек акыны негизсиз төлөө – 638,1 миң сом;
  • мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 586,4 миң сом.

Мындан тышкары, бюджеттин жоготуулары жана резервдери 3 млн. 872,4 миң сом суммасында аныкталды.

Рационалдуу эмес колдонулган каражаттар 249,5 миң сомду түздү.

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 7 млн. 977,3 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 3 млн. 355,0 миң сом кайтарылды.